29- Июнь 1995 -жылы Сеулда "Sampoong" супермаркети кыйраган
Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында "Sampoong" супермаркети кыйраган.
"Sampoong" супермаркетинин курулушу менен Ли Жун аттуу ишкер башында турган "Sampoong Group" компаниясы алектенген. Анын алгачыкы проектиси боюнча супермаркеттин ордуна 4 кабаттан турган үй курулмак. Бирок Ли Жун курулуш убагында 4 кабат үйдү 5 кабаттан турган соода борбору кылып өзгөртүүнү чечкен.
1989-жылы соода борбору ишке берилип, 1990-жылы ал Сеулдагы эң алдыңкы супермаркеттердин бири болгон. Ага күнүнө келген адамдардын саны 40 000ден ашкан.
1995-жылы апрель айында бешинчи кабаттын шыбынан жараңка кетет. Аны көргөн Ли Жун соода борборун жабуунун ордуна ал кабаттагы соода бөлүмдөрүн жер төлөөгө көчүрткөн.
29-июнда жараңка мурункудан да чоңойгон. Бул күнү соода борбордо адамдар көп болгондуктан Ли Жун киреше азайышы мүмкүн деген ой менен эвакуация кылуудан баш тарткан.
Бир нече сааттан кийин 5-кабаттын шыбы урап түшүп, соода борбор бир заматта жер менен жексен болгон. Анын кесепетинен 502 адам каза болгон. Куткаруу иштери бир нече жумага созулуп, акыркы жабыркаган адамды кырсыктан 17 күн өткөндөн кийин куткарышкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан