Атактуу чилилик акын Пабло Неруда мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулган. Неруданын өз аты Нефтали Рикардо Рейсе Басуалто. Бирма, Индия, Цейлон, Япония жана башка өлкөлөрдөгү дипломатиялык миссияларда эмгектенген Неруда 1940-жылдары марксизм идеяларына кызыга баштап, коммунисттер партиясына кирген. Чили өкмөтү менен конфронтацияга барган акынга Мексика баш паанек берген. 1971-жылы Неруда бүтүндөй континенттин тагдырын чагылдырган поэзиясы үчүн "Нобель" сыйлыгына татыган.