
V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Абдулатип Режавалиев Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Жаңы-Дыйкан айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1984-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун илимий агроном адистиги боюнча бүтүргөн.
1984-жылдан 1990-жылдарга чейин Сузак районундагы “Коммунизм” колхозунун бригадири болуп иштеген.
1990-жылы партиянын Сузак райкомунда инструктор, 1990-жылдын декабрынан баштап 1991-жылдын мартына чейин Сузак районундагы “Эркин” колхозунун башкы агроному болуп эмгектенген.
1991-жылдан 1992-жылдын сентябрына чейин Сузак районундагы “Москва” колхозунун парткомунун катчысынын милдетин аткаруучу, текшерүү комиссиясынын төрагасы, агроном-үрөнчү болуп иштеген.
1992-1998-жылдары - Сузак районундагы “Коммунизм” колхозунун тамеки-ферменттөөчү цехинин башчысы;
1998-2006-жылдары - жеке ишкер;
2006-2010-жылдары - “Мариям” ЖЧКсынын директору;
2010-жылдын октябрында “Республика” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин мүчөсү.