3- Июль 1951 -жылы Гаитинин мурдагы өлкө башчысы Жан-Клод Дювалье төрөлгөн
Гаитинин мурдагы диктатору "Бэби Док" деген лакап ысымга ээ болгон Жан-Клод Дювалье Гаитинан Порт-о-Пренс шаарында төрөлгөн. Ал 19 жашында бийликке келип, дүйнөдөгү эң жаш президент эсептелген. Өлкө лидерлигин атасы Франсуа Дювальеден өткөрүп алган. Ата-баланын башкаруу мезгили тарыхка эң кандуу жылдар катары кирип калган. Алардын “тонтон макут” деп аталган президенттик гвардиясынын жоокерлери учурунда 69 миң адамга чейин кырганы айтылып келет. Дювалье президенттиктен кеткенден кийин 25 жыл куугунтукта жүрүп, өз өлкөсүнө 2001-жылы кайтып келген.
Кариб аралындагы жакыр өлкөнү 1971-жылдан 1986-жылга чейин башкарган Дювалье 2014-жылдын 4-октябрында 63 жаш курагында жүрөк оорусунан каза тапкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан