5- Июль 1857 -жылы Германиялык саясий ишмер Клара Цеткин туулган
Германиядагы Коммунисттик партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири, аялдардын укугу үчүн күрөшкөн белгилүү ишмер Клара Цеткин Германиядагы тарыхый аймак деп аталган Саксонияда айылдык мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
Ал 17 жашынан 21 жашына чейин Лейпцигдеги мектептерден окуп, аны бүткөндөн кийин педагог болуп иштеп баштаган. Ошол жылдары ал Лейпцигде эмигрант болуп жүргөн революциячыл орус студенттеринин бир тобу менен жакындан таанышып, алардын саясий көз караштары менен таанышат. Ошол кезде жаңыдан гана жаралып келе жаткан социал-демократтык кыймылды Клара Цеткин жан-дили менен жактаган.
Анын революциялык көз карашы көбүнчө сезиминен чыккан, анда зарыл болгон теориялык даярдык жок эле. Бирок ал өзүнүн көз караштарына терең ишенген. Бисмарктын доорунда бөтөнчө 1870–1871-жылдардагы Франция менен болгон согуштан кийин, Германияда капитализмдин эң ылдам өөрчүшү тап күрөшүнүн курчушуна негиз болду. Бул кырдаал анын көз карашын теория жагынан негиздөө үчүн К.Цеткинди илимди, социализмдин теорияларын мыкты үйрөнүүгө түрткү берди. Ошол жылдардан баштап немец жумушчу кыймылына катышып, 1881-жылы Германиянын социал-демократиялык партиясына кирип жигердүү иш алып барган. Францияда, Германияда, Австрияда эмиграцияда жүргөн мезгилдеринде да, социалисттик кыймылдарга катышып флагманы болгон.
1889-жылы II Интернационалды (жумушчу партияларынын 1889-ж. негизделген эл аралык бирикмеси) уюштурууда аны өткөрүүдө өзүнүн активдүүлүгүн көргөзүп, жаш жумушчу кыймылынын өкүлдөрү Август Бебел, Вильгельм Либкнехт жана бул жаңы социалдык бирикмеге негиз салган өтө зор роль ойногон Ф.Энгельс менен таанышкан.
Клара Цеткин 1892–1919-жылдары немец жумушчу аялдарынын социал-демократиялык “Глайнайхт” газетасынын жооптуу редактору болуп иштеген. Бүткүл дүйнө аялдарынын эзүүгө, буржуазиялык үстөмдүгүнө, теңсиздикке каршы күрөшүүдө өз укуктары үчүн күрөштөгү тилектештигин белгилөөнү демилге кылып, ал 1910-жылы Копенгаген шаарында өткөн аялдардын эл аралык 2-конференциясында сунуштаган.
Анын бул сунушу бир добуштан колдоого алынып, жылына 8-март Аялдардын эл аралык күнү деп аталып, аны майрамдоо чечими кабыл алынган.
Биринчи жолу бул күндү 1911-жылы Германия, Австрия, Швейцария, Дания мамлекеттери белгилеген. Орусияда Петербургда 1913-жылы, ал эми Кыргызстан 1920-жылдан бери белгиленип келе жатат.
1915-жылы Швейцариянын Берн шаарында II империалисттик согушка каршы аялдардын эл аралык конференциясын уюштургандан кийин ал камакка алынган. Германия коммунисттик партиясынын жана Борбордук Комитетинин мүчөсү (1919), Коминтери аткомунун жана Президиумунун мүчөсү (1921), аялдардын эл аралык кыймылына сиңирген эмгеги жогору бааланып Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.
К.Цеткин 1933-жылы “Бүткүл дүйнөнүн аялдарына Лениндин осуяттары” аттуу китебин жазган. Анда ошол мезгилдеги дүйнө жүзүндө жападан жалгыз социалисттик мамлекеттин мурдагы СССР өлкөсүнүн аялдарынын жашоосу, кандайча иштеп, окуп жаткандарын, балдарын кандай тарбиялап, кандай укуктарды пайдаланышып жаткандыктары тууралуу бүт планетадагы аялдарга кеңири маалымат берген.
Германия жана эл аралык жумушчу кыймылынын көрүнүктүү ишмери, “спартак союзунун” негиздөөчүсү жана жетекчиси, рейстахдын депутаты, аялдардын тең укуктуулугу үчүн жүргүзүлгөн күрөшкө өз салымын кошкон революционер Клара Цеткин 1933-жылы 20-июнда Москвага жакын жайгашкан Архангельский кыштагында жашап турганда катуу ооруп дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Москванын Кремль дубалына коюлган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан