6- Июль 1963 -жылы V чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Бахтияр Кадыров туулган
V чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Бахтияр Кадыров Фрунзе шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1986-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1986-жылы №62 орто мектепте тарых мугалимдигинен баштаган. 1986-жылдан тартып – КГИТКнын комсомол комитетинин катчысы, 1991-2010 жылдары №11 орто мектептин тарых мугалими, №29 мектептин директору болуп иштеген.
2010-жылдын октябрында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан