Германиялык математик, ойлоп табуучу, юрист, тарыхчы жана философ Готфрид Вильгельм Лейбниц туулуп, 1716-жылы 14-ноябрда көз жумган. Ал Берлин илимдер академиясынын уюштуруучусу жана биринчи президенти болгон. Математиканын тарыхында биринчи дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөрдүн, комбинаториканын, аныктагычтар теориясынын негиздөөчүсү катары кирген.