4- Июль 1934 -жылы Франциялык физик жана химик Мария Кюри каза болгон
Поляк улутундагы белгилүү француз физиги жана химиги, "Нобель" сыйлыгынын эки жолку лауреаты Мария Кюри 66 жашында оорудан улам каза болгон. Ал 1934-жылы радиоактивдүү изопоттор менен иштөөдө коргонбогондуктан, лейкемия оорусуна чалдыккан.
Мария Кюри 1867-жылы 7-ноябрда Польшанын борбору Варшава шаарында төрөлгөн. Ал күйөөсү Пъер менен бирдикте радий (лат.radium - нурлуу) жана полоний (лат. polonium - польский - туулган жеринин наамынан) элементтерин ачкан. Ал Парижде жана Варшавада Кюри институттарынын негиздөөчүсү болгон. Ошондон эле Мария Кюри 1903-жылы физика жаатында, ал эми 1911-жылы химия жаатында "Нобель" сыйлыгына арзыган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан