1- Июль 2002 -жылы Орусиялык ырчы Михаил Круг дүйнө салган
Орусиялык ырчы Михаил Круг 40 жашында дүйнө салган. Ырчынын Твердеги үйүнө 30-июнь күнү кылмышкерлер кирип, атып кетишкен. Канчалык аракет кылган доктурлар Михаил Кругду сактап кала алышкан эмес.
Михаил Владимирович Круг 1962-жылы 7-апрелде Тверде туулган. Михаил өзүнүн биринчи ырын 14 жашында жазган. Ал өзүнүн классташына арналган.
Михаил Тверь шаарындагы 39-училищенин автомобилдерди оңдоочу слесардык окуусун аяктаган соң армияга кеткен. Кызматын өтөп келгенден кийин үйлөнүп, андан соң институтка тапшырган. Михаил Кругдун ырчы болуусуна кайнатасы түрткү берген. Институтта окуп жүргөндө автордук ырлардын сынагы өтүп, анда Михаил биринчи орунду жеңип алган. Ошол мүнөттөн тартып ырчылык өнөргө олуттуу мамиле жасап, иштей баштаган. 1996-жылы ырчылык өнөрдөгү жеке карьерасын баштап, "Тверские улицы" деген ат менен биринчи ырлар жыйнагы чыккан. Михаил Круг өзүнүн ыйык сахнадагы алты жылдык өмүрүндө көптөгөн чыгармаларды жаратып, бир топ жаштарды музыка тармагына тарбиялаганга жетишкен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан