Ырчы Кенжекулова Чолпонай Каныбековна Бишкек шаарында туулган. 2-классынан тарта “Ак шоола” балдар хорунда ырдап, өспүрүм кезинде “Кылым” тобунун ырчысы болгон. БГУнун журналистика факультетин аяктаган. Ал “Шала-ла-ла”, “Эквалайзер” аттуу ырлары менен белгилүү болгон.