4- Июль 1957 -жылы Советтик жана орусиялык актёр Дмитрий Назаров туулган
Советтик жана орусиялык актёр Дмитрий Назаров Москвада туулган. Дмитрий Назаров бала чагында нан бышыруучу заводдо иштеген. Ал эми 1980-жылы М.С.Щепкин атындагы Жогорку театралдыык училищени аяктаган.
1980-жылдан 1995-жылга чейин Дмитрий Назаров Кичи театрда, андан соң "Сфера" атындагы театрда, ага катар Орус Армиясынын театрында иштеп, 2002-жылдан тартып Чехов атындагы театрда эмгектенген.
1993-жылы май айында Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамына ээ болсо, 2000-жылы Орусиянын Эл артисти наамын алган.
Ал "Каменская", "Марш Турецкого", "Вызов", "Кухня", "Шпион", "Кухня в Париже" ж.б. сериал жана тасмаларга тартылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан