V чакырылыштагы “Республика” фракциясынан Жогорку Кеӊештин депутаты Курманбек Дыйканбаев Ысык-Көл облусуна караштуу Түп айылында туулган.
Билими - жогорку, 1986-жылы ветеринардык медицина боюнча Витебск мамлекеттик академиясын, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Башкаруу академиясын жана аспирантурасын бүтүргөн.
Эмгек жолу 1986-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы колхоздун улук ветеринар врачы болуп иштөө менен башталган.
Курманбек Дыйканбаев 1987-1992-жылдары Түп районунун Фрунзе атындагы колхозунун улук ветеринар врачы, 1992-1993-жылдары Түп районундагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы колхоздун төрагасынын орун басары болуп иштеп, 1993-1994-жылдары Бишкек шаарындагы дыйканчылык өнөр жай колхозунун директору болгон. Ал эми 1994-1995-жылдары Түп районунун Фрунзе атындагы колхоздун төрагасы, 1995-1997-жылдары Ысык-Көл областынын Кутургу айылында "Алдаяр" айыл чарба кооперативинин төрагасы, 1996-1997-жылдары Ысык-Көл областынын Түп районунун Кутургу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенген. 1997-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ассоциациясынын жетектөөчү адиси болсо, 1998-2001-жылдар аралыгында БУУнун Өнүгүү программмасынын "Децентрализация" долбоорунун эксперти болуп иштеген. Ал эми 1998-2002-жылдары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттар конгрессинин аппарат башчысы, 2002-жылы – Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселокторунун жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдар ассоциациясынын төрагасы, 2009-2010-жылдары Чүй областтык мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу бөлүмүнүн башчысы болгон.
2010-жылы "Республика" партиясынын тизмеси аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.
Жогорку Кеӊештин Бюджет жана каржы комитетинин төрагасынын орун басары. Ал эми 2012-2013-жылдары "Республика" парламенттик фракциясынын лидеринин орун басары болгон.