Америкалык актёр Жейден Смит АКШнын Калифорния штатындагы Малибу шаарында актёрдун үй-бүлөсүндө туулган. Уилл Смит жана Жада Пинкетт-Смиттин тун уулу. Жейдендин тасмага тартылып калуусу айрымдар үчүн мыйзам ченемдүү көрүнүш болсо, өзү үчүн катастрофа болгон. Анткени атасы менен апасынын үйдө көп болбогону, көп убактысын киного арнаганы Жейдендин көкөйүнө тийген эле. 2006-жылы "Бакытты издөө" тасмасына атасынын кыстоосу менен тартылып калган.