14- Июль 1910 -жылы
Америкалык мультипликатор Уильям Ханна төрөлгөн
Америкалык мультипликатор Уильям Ханна төрөлүп, 2001-жылы 22-мартта 90 жашында Лос-Анжелесете каза тапкан.
Уильям Ханна менен аниматор Жозеф Барбера “Том менен Жерри” мультсериалынын башкы каармандары Том менен Жерринин "аталары" катары белгилүү болушкан.
Америкалык мультсериал 1940-жылдан бери экрандан түшпөй келген. Томдун 1-сериядагы аты Жаспер, Жерриники Жинкс болгон. Кийин гана персонаждардын атын өзгөртүшкөн. Мультфильмдин күйөрмандарынан келген каттарга ал кезде аты чыга элек актёр Жек Николсон жооп берип турган. 2001-жылы Уильям Ханна каза болсо, 2006-жылы Жозеф Барбер каза таап, бирок алардын сериалы узак убактыка шедеврге айланган.