15- Июль 1904 -жылы
Орус жазуучусу Антон Чехов каза болгон
Орус жазуучусу Антон Чехов Түштүк Германиянын Баденвейлер шаарына дарыланганы барып, учук кеселинен жакшы боло албай 44 жашында каза болгон. Анын сөөгү Москванын Новодевичье көрүстөнүндө коюлган.
Антон Павлович Чехов 1860-жылы 29-январда Таганрог шаарында туулган. Чеховдордун үй-бүлөсү Москвага көчүп келип, 19 жаштагы Антон Москва университетинин медициналык факультетине тапшырган.
1880-жылы анын биринчи аңгемелери басылмаларда жарык көрүп, адабиятта жазмакерлик ишмердиги башталган. Медициналык окуу жайын аяктагандан кийин дарыгер болуп иштеп, чыгармачылыкты кошо улантып, ошол кездеги орус интеллигенциясынын арасында тез эле оозго алынат. Ал дүйнөлүк жана орус адабиятынын алтын казынасына бир катар повесть, аңгемелерден башка "Иванов", "Алчалуу бак", "Үч эже-сиңди", "Ак чардак", "Ваня таеке" деген пьесаларды калтырган.