8- Июль 2013 -жылы Уруш искусствосу боюнча жабык имараттарда өтүүчү Азия оюндарында кыргыздын спортчулары 6 медалга ээ болушкан
Түштүк Кореянын Инчхоне шаарында өткөн уруш искусствосу боюнча жабык имараттарда өтүүчү Азия оюндарында кыргыздын спортчулары 6 медалга ээ болушкан. Алар: 1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль. 
Алтын медалды 63,5 килограммга чейинки салмактагылар арасында беттешүүгө чыккан кикбоксчу Алексей Федосеев жеңип алган. Сталбек Дарканбаев (71 кг) күмүш , Кумар Жалиев (81 кг) коло , Уланбек Касымбеков (57 кг) коло медалдарына ээ болушкан. Ошондой эле Алексей Кибкало жана Татьяна Когадейден турган бий жуптары латын-америкалык стилинде 3-орунга татыктуу болушкан. Ал эми Данияр Кашкараев тай боксу боюнча (57 кг) күмүш медаль алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан