
Хирург, медициналык илимдеринин доктору, профессор, академик Иса Ахунбаев 67 жаш курагында каза болгон.
Иса Ахунбаев 1908-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында туулган. Кыргызстанда биринчи жолу жүрөккө операция жасап, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калган Иса Ахунбаев Ташкендеги Орто Азия мединститутун бүтүргөн. Ооруканада врач-ординатор, Кыргыз ССР саламаттык сактоо эл комиссарынын орун басары, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун ассистенти, доценти, кафедра башчысы, ректору, СССР ИАсынын Кыргыз филиалынын Президиумунун төрагасы болуп иштеген. 300дөн ашык илимий эмгектери (анын ичинде 8 монографиясы, 3 сөздүгү) жарыяланган. Анын жетекчилиги менен 6 докторлук, 35 кандидаттык диссертациклар жакталган. Республикага эмгек сиңирген врач, Кыргыз ССРинин илимине эмгек сиңирген ишмер, Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын ээси. 3 "Ардак Белгиси", Эмгек Кызыл Туу, Ленин, Октябрь революциясы ордендери, медалдар жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган. Ал бир канча жолу эл аралык илимий жана коомдук форумдарга хирургиялык конгресстерге катышкан.
2001-жылы ошол убактагы президент Аскар Акаев тарабынан XX кылымдын көрүнүктүү илимий жетишкендиктери үчүн Иса Ахунбаевдин үй-бүлөсүнө алтын медаль тапшырылган. Ал эми 2008-жылы мурунку президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академияга ысымы берилген. Андан сырткары Бишкек шаарынын чоң көчөлөрүнүн бири Иса Ахунбаевдин атын алып жүргөнү белгилүү.