
Атактуу голландиялык сүрөтчү Рембрандт Харменс ван Рейн Рейн дарыясына жакын Лейденде туулган. Атасы тегирменчи болгон. Тогуз балалуу, оокаттуу үй-бүлөнүн ата-энеси сегизинчи уулуна жакшы билим берүүнү тилек кылып, 1620-жылы Лейден университетине киргизген. Университеттеги укук жана теологияга такыр кызыкчылыгы жок өспүрүмдү сүрөт менен живопись өзүнө тартып туруп алгандыктан ата-энеси аны окуудан чыгарып алууга аргасыз болушат да, сүрөтчүгө өз алдынча окууга беришкен. Анын биринчи мугалими Якоб ван Сваненбюрхудан үч жыл таалим алып, искусствонун алиппесин үйрөнүп чыккан.
Рембрандт олуттуу маани берип, бүйүрүн кызытып окуткан мугалими Амстердамдагы Питер Ластмандын сүрөт өнөрканасы болгон. Ал жерден Венеция, Рим, неополитен жана испаниялык живопись менен таанышат. Ластманда жарым жыл окугандан кийин 16 жашында Лейденге кайтып келген. Ошол кездеги таанымал гуманисттер Петрус Скривериуса жана Гаспор Барлеусанын демөөрчүлүгүндө Ведестегеде өнөрканасын ачкан. Так ошол Скривериус Рембрандтка 1625-жылы “Ыйык Стефанды таш баранга алуу” (“Избиение Святого Стефана ”) деген биринчи полотносун тартканга буюртма берген. Так ушул полотно Рембрандттын биринчи жолу академиялык стилге каршы, жаңы ойго, жаңыча көз карашка умтулган, өз кол жазмасын табуудагы көз карандысыз кыл калемгер катары тааныткан. Жакшы көргөн окутуучусу Ластманды туурап, Ластманга жакын манерада иштегени анын “Валаам”, “Говий жана периште”, “Давид жана Голиаф” аттуу эмгектеринен көрүнөт. Кийинки эмгектеринен дагы бир окутуучусу Пейнастын таасири сезилген, анткени полотносунда күрөң түстөрдүн гармониясы жуурулушуп, жарык берүүнүн сырдуу эффекти даана байкалат. Ал эми “Египетке качуу” (“Бегство в Египет”), “Самсон жана Далила” дегендери адамдын эмоциясын, сезимин абдан мыкты иштелгени менен тарткан. 1630-жылдагы эмгектеринин туу чокусу деп “Эммауседеги Христосту” (“Христос в Эммаусе”) көрсөтүшөт. Өз замандаштары кыл калемгердин анын техникасындагы виртуоздукту, жандуу турмушту, психологизм менен реалисттик маанайды белгилейт. Ал гана эмес сүрөтчү гравировка менен иштеп, өзүнүн апасынын элесин “Мать Рембрандтта под чёрной вуалью” деген сүрөтүндө түбөлүккө калтырган.