21- Июль 1966 -жылы Мамлекеттик жана саясий ишмер Эрлан Абдылдаев туулган
Мамлекеттик жана саясий ишмер Эрлан Абдылдаев Казакстандын Алматы шаарында туулган. 
Эрлан Абдылдаев 1989-жылы Москва мамлекеттик эл аралык байланыштар институтун аяктаган, эл аралык байланыштар адистигине ээ болгон.
Эмгек жолун 1989-жылы Социалисттик Азия өлкөлөрү боюнча башкармалыгында СССР Тышкы иштер министрлигинин референти болуп баштаган.
1989-1994-жылдары – СССР элчилигинин атташеси, 3-чү катчысы, Россия Федерациясынын Кытай Эл Республикасындагы элчилиги;
1994-1997-жылдары – Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын эл аралык бөлүмүнүн референти, консультант-эксперти;
1997-1998-жылдары – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин департаментинин мүдүрүнүн орун басары;
1998-2001-жылдары – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары, биринчи орун басары;
2001-жылдан 2005-жылдын 12-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси. Бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Монголиядагы, Сингапурдагы жана Таиланддагы элчиси.
2005-2007-жылдары Коомдук саясат институтунун эксперти;
2007-2012-жылдары Кыргызстандагы согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча институттун мүдүрү;
2012-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри болуп дайындалган.
Дипломатиялык рангы: Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан