BMW соода маркасы “Rapp Motoren-werke” жана “Gustav Otto Flugmaschinenfabr” компанияларынын биригүүсү менен катталган. Ал эми атактуу эмблемасы арадан 15 жыл өткөндөн кийин гана же өздөрүнүн алгачкы чыгарган автомобилинде пайда болгон.
BMW - “Bayerische Motoren Werke” же “Бавариянын мотор заводу” деп чечмеленет. Фирма өзүнүн алгачкы иш-аракетин авиациялык кыймылдаткычтарды чыгаруудан баштаган. Ошондон улам эмблемасында төрт бөлүктөн турган канат сымал үч бурчтуктар орун алган. Антсе да аталган компаниянын авиациялык иш-аракети көмүскөдө калып, ааламга өздөрү чыгарган машиналары менен таанылган.