Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Казань шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк Универсиадада коло медаль утуп алган. Ал 59 килограммга чейинкилер арасында литвалык спортчу менен беттешип утуп, кийинки беттеште Азербайжандын спортчусунан утулуп калган. Бул Кыргызстандын аталган универсиададагы 11-медалы болгон.