11- Январь 2013 -жылы
Ошто ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык башчысы Толкунбек Шоноевди белгисиз бирөөлөр атып кетишкен
Кечке жуук ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча бөлүм башчысы, полковник Толкунбек Шоноевди белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Ал жумуштан чыгып, кызматтык автоунаасы менен Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы үйүнүн жанына келгенде ага кылмышкерлер бир нече ок атышкан. 9 жолу ок атылып, анын бешөө денесине тийген полковник каза болгон.