15- Январь 2013 -жылы
Бишкекте Чыңгыз Айтматов атындагы китепканада улуу жазуучунун эстелиги ачылган
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы китепканада улуу жазуучунун эстелиги ачылган. Эстеликте Чыңгыз Айтматовдун 55 жаш курагы чагылдырылган. Эстеликтин авторлору - скульпторлор Жолдош Бусурманкулов жана Марлен Бакачиев болушкан. Иш-чарага бир катар мамлекеттик, коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлери, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун бир тууган иниси Ильгиз Айтматов катышкан.
Эстеликтин авторлору маданият жана туризм министринин буйругу менен "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланышкан. Сыйлыкты маданият жана туризм министринин орун басары Кожогелди Кулуев тапшырган.