17- Июль 2013 -жылы
Жалал-Абад облусундагы Кара-Жыгач айылында жаңы курулган каналды ишке берүү аземи болгон
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Жыгач айылында жаңы курулган каналды ишке берүү аземи болгон. Ага вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев катышып, кызыл тасма кескен. Айтымында, бул саамалык район үчүн эмес жалпы Кыргызстан үчүн пайда алып келмекчи. Анткени аталган аймактын жайыттарын сугарууга 40 жылдан бери суу жетпей, сугат иштери кыйынчылык менен жүргүзүлүп келген.