23- Июль 1906 -жылы
Швейцариялык химик-органик Владимир Прелог туулган
Швейцариялык химик-органик Владимир Прелог Босниянын Сараево шаарында туулуп, 1998-жылы 7-январда 91 жаш курагында Швейцариянын Цюрих шаарында көз жумган. Ал 1975-жылы молекулалардын реакцияларынын стереохимиясын изилдегени үчүн “Нобель” сыйлыгына ээ болгон.