Германиянын Дуйсбург шаарында "Сүйүү парады" фестивалы өтүп жатканда катышуучулардын көптүгүнөн улам тыгында 21 киши каза болуп, 511 киши жаракат алган.Иш-чара эски жүк жүктөөчү бекеттердин биринде болмок. Кырсык болжол менен кечки 17:00дө иш-чарага кирчү жердеги туннелдин ичинде болгон. Бекетке болжол менен 250 миң-300 миң киши батмак. Ал эми акыркы жылдары иш-чарага катышуучулардын саны 1,5 миллионго жетип жаткан. Кырсык эмне себептен болгону азыркыга чейин белгисиз бойдон калган.