23- Июль 1984 -жылы
Кыргыз балетинин прима-балеринасы Асел Айдарова төрөлгөн
Кыргыз балетинин прима-балеринасы Асел Айдарова төрөлгөн. Балетке кызыгуусу 6 жашында башталып, ошондон тартып бийге бара баштаган. 4 жылдан кийин профессионалдык багытта балет тарапка ооп, 10 жашынан баштап Балет училищесине кирип окуп калган. 13 жашында Майрам Акаева уюштурган “Жаш таланттар” сынагында алгачкы жолу сахнага чыгып, ийгиликке жетишкен. 18 жашында училищени аяктап, театрда иштеп калган. Театрда алгачкы жолу “Ак куу көлү” балетиндеги Одетта менен Одиллиянын ролун ойногон. Ошондон тартып Чолпонбек Базарбаев сыяктуу кыргыздын белгилүү балет бийчилери менен биргеликте дүйнөлүк гастролдорго чыга баштаган.
Асел Айдарова 2010-жылы маданиятка жана искусствого кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына татыктуу болуп, 2009-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" наамына ээ болгон.