26- Июль 1970 -жылы
Орусиялык "Иванушки International" тобунун солисти Андрей Григорьев-Аполлонов туулган
Орусиялык "Иванушки International" тобунун солисти, орусиялык ырчы Андрей Григорьев-Аполлонов туулган. Андрей Григорьев-Аполлонов фортепиано боюнча музыкалдык мектебин, Сочи педагогикалык окуу жайын, Орусия театралдык искусство академиясынын эстрада бөлүмүн аяктаган. 1992-жылы бродвейдик "Метро" аталышындагы мюзиклда ойноо үчүн АКШга кеткен. 1994-жылдын 10-ноябрынан баштап "Иванушки International" тобунун катышуучусу.