18- Июль 2013 -жылы
Чолпон-Ата шаарында эл аралык "Мейкин Азия" фестивалы ачылган
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборунда эл аралык "Мейкин Азия" фестивалы расмий түрдө ачылган. 3 күнгө созулган музыкалык майрамга 17 мамлекеттен 25 катышуучу келишкен.
Баш байге ээси – Казакстандык Димаш Кудайбергенов деп табылса, 1-орунду Украиналык ырчы Владислав Левицкий, 2-орунду кыргыз ырчылары Ислам Акматов, Курал Чокоев жана тажикстандык Сабина Шамсэд, 3-орунду болсо орусиялык Христина Дорошенко, кыргызстандык Адилет Азим уулу, кытай ырчысы Ли Чжентао, армениялык Ани Оганесян ээ болушкан.