18- Июль 1918 -жылы
Түштүк Африка Республикасынын экс-президенти Нельсон Мандела туулган
Түштүк Африка Республикасынын экс-президенти Нельсон Мандела туулган.
Нельсон Мандела актар менен каралардын бирдей укуктары үчүн күрөшкөндүгү үчүн кезинде 26 жыл түрмөдө отуруп чыккан. Адам укуктары үчүн аёосуз күрөшкөндүгүнө байланыштуу 1993-жылы "Нобель" сыйлыгы тапшырылган. 1994-жылы 10-майда Түштүк Африка Республикасынын 8-президенти болуп шайланып, бул кызматта 1999-жылдын 14-июнуна дейре отурган.
Түштүк Африка Республикасынын алгачкы кара терилүү президенти, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Нельсон Мандела 95 жашында дүйнө салган.
Өлкө жарандары Манделаны Африка элине азаттык тартуулаган лидер катары эскеришип, көздөрүнө жаш алышкан. ТАРдын учурдагы президенти Жейкоб Зума да Манделаны Түштүк Африка мамлекетинде улуттук биримдикти түптөгөн улут атасы катары баалап, аны жерге берүүдө мамлекеттен талап кылынган бардык милдеттер аткарыларын билдирген.
Нельсон Мандела 2013-жылы 5-декабрь саат 19:00дө Йоханнесбургдагы үйүнөн көз жумган. Анын кызы Маказиве Мандела эки күн мурун атасы ажал менен арбашып жатканын айткан.
2013-жылдын сентябрь айында Мандела ооруканалардын биринде пневмония илдетинен дарылангандыгы кабарланган. Андан соң үйүнө келип, өмүрүнүн соңку мүнөттөрүн жакындары менен өткөргөн. Маалыматка караганда, 5-декабрь күнү Нельсон Мандела жашаган үйдүн аймагына ар кыл үлгүдөгү автоунаалар келип токтой башташкан. Мындан тышкары чет элдик маалымат каражаттары 5-декабрда Лондондо Манделанын өмүр баянын чагылдырган “Эркиндикке умтулган узак сапар” аталыштагы кинотасманын бет ачар аземи болгонун жазып чыгышкан. Ага экс-президенттин жакындары да чакырылган. Бирок Манделанын жакындары кино соңуна чыга электе эле кетүүгө аргасыз болушкан. Тасма аяктаган соң көрүүчүлөргө Нельсон Манделанын көз жумгандыгын кабарлашкан.
Улут атасынын өлүмүнө байланыштуу мамлекет башчылары Түштүк Африка элине көңүл айтып, кайрат кылууга чакырышкан. АКШнын президенти Барак Обама “Нельсон Мандела өз өмүрүндө абдан көп нерсеге жетишти. Ал элдин азаттыгы үчүн өз эркиндигинен баш тартты” десе, Британиянын премьер-министри Девид Кемерон “Бүткүл адамзат үчүн жарыктыктын улуу шооласы өчтү” деп билдирген.