1- Август 1962 -жылы V чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Заирбек Жоошбеков төрөлгөн
V чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Заирбек Жоошбеков Ош облусундагы Кара-Суу районунун Савай айылында туулган.
Билими жогорку. 1985-жылы Фрунзедеги педагогикалык институтту орус тили жана адабияты мугалими адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун А.С.Макаренко атындагы орто мектепте орус тили жана адабияты мугалимдигинен баштаган. 1992-жылы мектептин директорлугуна дайындалган. 1998-жылдан тартып 2002-жылга чейин Октябрь айылынын №47-орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими, андан кийин директордун окуу бөлүмү боюнча орун басары болуп иштеген.
2002-жылы Савай айыл өкмөтүнө инвестицияларды тартуу боюнча ишке которулган. Андан кийин Савай айыл башкармалыгынын башчысынын орун басары, 2005-жылдан тарта жергиликтүү өз алдынча башкаруу башчысынын кызматында иштеген.
2010-жылдын октябрында Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын II класстагы кеңешчиси. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги. “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун эмгек сиңирген кызматкери” наамы ыйгарылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан