13- Октябрь 1925 -жылы Улуу Британиянын экс-премьер-министри Маргарет Тэтчер төрөлгөн
Улуу Британиянын экс-премьер-министри, Советтер Союзунун кулашына чоң салым кошкон саясатчы катары таанымал Маргарет Робертс Англиянын Грантем шаарчасында кедей үй-бүлөдө туулган. Атасы Альфред эркек балалуу болууну эңсегенине карабай Мьюриэл жана Маргарет аттуу эки кыздуу болот. Альфред өзгөчө кенже кызы Маргаретти катуу тарбиялаган. Эркек мүнөз бул ишмердин жаш кезегинен калыптанган жашоо образы андан назиктикти талап кылган эмес. Жаш курагына карабай кичинекей Маргарет үйдөгү саясий талкууларга активдүү катышкан.
Үй-бүлөдөгү тартип абдан катуу болгондуктан, балдар үчүн кино, оюн чектелип, күндүз эч ким эс алууга акысы жок болгон. Кичинекей Мегги мектепте жакшы окуп, спорт менен машыгып, пианино үйрөнүп, поэтикалык курстарга барган.
Жаш кезинде аны мода, жигиттер кызыктырган эмес. Өзүнүн чөйрөсүндө бир гана саясат жөнүндө сүйлөп, тартышчу. Ушундан улам мектепте, университетте чогуу окуган курбулары аны кечелерге чакырышпайт эле. Болочоктогу өкмөт башчы Оксфорддун химия факультетине тапшырат. Студенттик жылдарында Консерванттар ассоциациясына мүчө болот.
Окууну бүткөн жаш химиктин жан дүйнөсүнө желим чыгаруучу фирмада иштөө туура келбейт. Студент кезде эле партиянын активдүү мүчөсү болгондуктан, 1948-жылы партиянын атынан өнүкпөгөн округдан талапкерлигин коёт. Таксиге акчасы жок, эртең менен эрте туруп кечке округдун ар бир бурчуна чейин жөө барчу экен. Эмгекти сүйгөн Маргаретке ошондон тарта эрте туруп, кеч жатуу адатка айланган.
Тэтчер британиялык өкмөттү 1979-1990-жылдардын аралыгында башкарып, бул өлкөнүн тарыхында өкмөт башына келген биринчи аял болуп калган.
1990-жылдагы салык реформасы Маргарет айымга ийгилик алып келбейт. Лондондун көчөлөрүндө 70 миңге жакын демонстранттар салык мыйзамындагы өзгөртүүгө каршы чыгышат. Бул нааразычылыктан улам анын бедели түшүп, ага атаандаштыкка Майкл Хезельтайн чыгат. Ушул себептен партиянын лидерлигинен жана премьерликтен кетет.
1992-жылы болсо парламенттен биротоло кетип, ошол эле жылы "Баронесса" улуу даражасын алган. Ал эми 2002-жылы "темир айымдын" ден соолугу начарлап, отставкага кетип, коомдук жана саясий иш-чаралардан баш тарткан.
Улуу Британиянын "темир айым" атыккан экс-премьер-министри Маргарет Тэтчер 2013-жылы 8-апрелде 87 жаш курагында жүрөк оорусунан улам каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан