Дүйнөнү өзгөрткөн эркектердин катарына кирген франциялык ойлоп табуучу Марсель Бик Италиянын түндүгүндөгү француздар көп жашаган Турин шаарында туулган. Атасы Еммануил курулуш инженери болгондугуна байланыштуу Европанын көп аймагын кыдырган. Бул саякат Марселге италиялыктарды, француздарды жана испандыктарды жакшылап таанып-билүүгө жардам берген. Жаштайынан жер көрүп, эл таануусу анын келечекте новатор болуусуна таасирин тийгизген. Атасынын иши боюнча көчүп жүрүшкөндүктөн, мектептеги билимди Франциянын Бордо шаарынан, Италиядан, Мадридден алган. Кийин Франциядагы атактуу Карно лицейине тапшырып, математиканы жана философияны тереңдетип окуган.
18 жаш курагында эле ал Парижде ар бир үйдү кыдырып кол чырак сатуу менен акча тапкан. Окуусун аяктап, машина куруучу фирмага менеджер болуп кирет. Бирок Экинчи дүйнөлүк согуштун айынан анын карьерасы токтоп, 1945-жылы кайрадан жашоодон өз ордун издеп баштаган.
Согуштан кийин досу экөө 1000 доллар чогултуп, ошол мезгилде калктын чоң кызыгуусун жараткан калем саптын негизин (стержень) жасап чыгара башташат. Бирок Марсель ал калем саптын сапаты анча эмес экенин түшүнүп, бир гана жолу колдонулчу, арзан, бирок сапаттуу калем сапты жасоону чечет. Ага 4 жыл коротот. Анан ойлоп тапканын чоң компанияларга сунуштайт. Тобокелдикке баруудан баш тартып, бирөө да андай калем сапты чыгарууга макул болбойт. Ошондо Марсель “Бик” аталышындагы калем сапты чыгарууга бардык күчүн жумшайт.
1953-жылы Францияда алгачкы ирет бир жолу колдонулуучу калем саптарды элге сунуштайт. Калем саптарга көпчүлүктүн көзү түшүп, эл аябай көп сатып ала баштайт. Марсель кыялында күнүнө 10 миң калем сап сатууга жетишүүнү ойлосо, иш жүзүндө күнүнө 200 миңден 250 миңге чейин сатыла баштаган. Мындай ийгиликтен кийин Марсель дүйнөлүк рынокту багындырууга аттанат.
Анын калем сабынын баасы 29 центти (15 сом) түзгөн. Ал эми мурунку калем саптардын баасы 10 доллардын тегерегинде болгон. Ошентип, анын “Сесайт Бик” компаниясы негизделет. Андан соң Марсель бир жолу колдонулуучу оттуктарды (зажигалка) чыгарууга бел байлайт. Бул тармакта анын эң негизги атаандашы “Жиллетт Крикет” фирмасы болгон. Марсель Бик өжөрдүк менен эмгектенип, 80-жылдары “Жиллетт Крикетти” рыноктон сүрүп чыккан.
Тынымсыз күрөшкө көнүп калган бул инноватордун кийинки кадамы бир жолу колдонулуучу устара чыгарууга багытталган.
Бир жолу колдонулуучу буюмдардын “атасы” Марсель Бик 1994-жылы 30-майда 80 жашында дүйнө салган.