25- Июль 2013 -жылы
Бишкекте “Фуджин” дүкөндөр тармагынын директору каза болгон
Бишкекте Темир жол вокзалына жакын аймактагы эстеликтин жанындагы арыктан “Фуджин” дүкөндөр тармагынын директору Гуан Жу Чан катуу сабалган абалда табылган. Оор жаракаттан улам, ошол эле түнү эсине келбей, шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.