25- Июль 2013 -жылы Орусия америкалык экс-агент Эдвард Сноуденди кайтарып берүү боюнча АКШнын өтүнүчүн аткаруудан баш тарткан
Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвада болгон пресс-конференцияда Орусия Сноудендин өлкөдө жүрүшүнө эч кандай тиешеси жоктугун жана орусиялык бийлик Сноудендин Түштүк Африкага кетүү планы бар экенин билишкенин айткан. Ал эми президент Владимир Путин Сноуден транзиттик зонадагы "Шереметьево" аэропортунда жүргөнүн, Орусиянын чегарасынан өтпөгөнүн, анын Орусияда кылмыш кылбаганынан аны кармоого негиз жок болуп, АКШга берүү себеби да жок экенин билдирген. АКШнын Орусиядагы элчиси Майкл Макфол Америка тарап Сноуденди экстрадициялоону эмес, жөн гана аны өз өлкөсүнө жөнөтүүнү талап кылгандыгын өзүнүн баракчасына жазып чыккан. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан