29- Июль 2013 -жылы
Британиялык ханзаада Уильямдын жаңы төрөлгөн уулун "өлүк" деп жарыялап, CNN каналы эфирден чоң катачылык кетирген
АКШлык CNN каналы британиялык ханзаада Уильям менен Кембриж герцогинясы Кейт Миддлтондун жаңы төрөлгөн уулун эфирден катачылык кетирип "өлүк" деп жарыялашкан. Бул катаны "The Washington Times" гезитинин журналисти Жозеф Керл байкап, документтеп койгон. Эфирде ханзааданын уулу төрөлгөнү тууралуу кабар берилип жатканда, төмөнкү жагынан жүгүрмө сапта "Наристе өлүк деп жарыяланды" деген аталыш чыккан.