
Коррупциялык иштер боюнча айыпталып жаткан депутат, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев 11 жылга эркинен ажыратылган. Мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту чыгарып, өкүмдү судья Аман Сариев окуп берген. Экс-мэрдин үй-мүлкү конфискацияланып, өзү күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөмөй болгон. Ошондой эле Түлеев 3 жыл мамлекеттик кызматтарда иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган.
Нариман Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган.
Ленин райондук соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн Нариман Түлеев Шаардык сотко кайрылган, бирок 2014-жылы 23-декабрда Шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, өзгөрүү киргизген эмес. Ал эми 2015-жылы 21-январда Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын депутаты Нариман Түлеев мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратылган.
2015-жылы 22-майда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Нариман Түлеевге дагы бир кылмыш иши козголгон.
Жогорку Кеңештин депутаты Хаджимурат Коркмазов 2015-жылы 15-июлда Нариман Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке Президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. Мындан кийин Нарымбаев "бул ишке тиешем жок" деп билдирүү жасоо менен кызматтан бошотууну суранып президентке кайрылып, президенттин жарлыгы менен 20-июлда кызматтан бошотулган.
Данияр Нарымбаевге 22-июлда Кылмыш кодексинин “коррупция”, “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айып тагылып УКМКнын СИЗОсуна 2 айга камакка алынган.