Кыргыз эстрадасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон белгилүү композитор Тарас Асанакунов 52 жаш курагында жүрөк оорусунан улам дүйнө салган. Ал 1961-жылы Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарында жарык дүйнөгө келген. Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептен флейта аспабы жана классикалык музыка боюнча таалим алып, билимин Кыргыз мамлекеттик искусство институтунан өркүндөткөн.
1978-жылы Тарас Асанакунов эң алгачкы чыгармасын - "Каркыралар кайтканда" аттуу ырын чыгарган. Ал ырды маэстро Асанкан Жумакматов симфониялык оркестрге салып, белгилүү ырчы Динара Чоткараеванын аткаруусунда чоң сахнага алып чыккан. Жагымдуу ыр тез эле жаштардын сүйүктүү ырына айланып, обончунун ысымы калк арасына таанылган.
Мындан тышкары ырчы Айчүрөк Иманалиева аткарып жүргөн "Кызыл гүл", "Ак куу белең, Айперим", "Тоо булагым - арманым", Алина Жетигенованын "Кыздын сыры", "Арген" сыяктуу бир топ ырларына обон жараткан. Өзүнүн 35 жылдык чыгармачылык жолунда баш-аягы 50гө жакын обондуу ырларды чыгарганы белгилүү.