6- Август 1972 -жылы
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянова төрөлгөн
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Аида Салянова Нарын шаарында туулган. Ал 1989-1991-жылдары Фрунзе соода техникумунун укук таануу бөлүмүндө окуп, 1991-1996-жылдары КМУнун юридикалык факультетин аяктаган.
Ал эми 1992-1997-жылдары Бишкек коммерциялык колледжи, Чүй жана Кыргыз улуттук университеттеринде окутуучу, 1997-2008-жылдары Жогорку Кеңеште юридикалык эксперт болуп эмгектенген.
2008-2010-жылдары Адилет министрлигинин статс-катчысы, ал эми 2010-жылы (апрель-декабрь) адилет министри болгон.
Аида Салянова 2011-жылы президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болсо, 2011-жылдын 14-апрелинен тарта башкы прокурор кызматын аркалай баштаган.
2015-жылы 22-январда өлкө башчы кол койгон жарлыктын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Салянова Аида Жеңишбековна ээлеген кызматынан бошотулган. 2015-жылы "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган. Быйыл Саляновага чыккан соттун чечиминин негизинде ал мандатынан ажыратылган.
Эске салсак, 7-февралда Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата чыгарган Ленин райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган. Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет.