19- Июль 1893 -жылы
Орус акыны Владимир Маяковский туулган
XX кылымдын улуу акындарынын бири, орус акыны Владимир Маяковский Кавказда туулуп, 1930-жылы 14-апрелде 36 жашында москвада каза болгон.
Владимир Маяковский жаш чагында эле Москвага кеткен. Акындын ырларын моряктар, жумушчулар, аскерлер жатка билишкен. Граждандык согуштпун оор жылдарында китептерди басып чыгарууга кагаз жетишпей, көптөгөн басмаканалар иштебей токтоп калган. Ошондо Маяковский мыкты сүрөтчү катары плакаттарды тартып, аларга өзү учкул ыр саптарын жазган.
Акындын поэмаларын, көптөгөн мыкты чыгармаларын миллиондогон адамдар сүйүп окушкан. Анын "Кан-тала", "Мончо" аттуу пьесалары Орусиянын жана чет өлкөлөрдүн театрларында коюлган. Маяковскийдин тынчтыкты, эркиндикти жана элдердин достугун жактаган ырлары көп тилдерге которулган.