17- Март 1958 -жылы Экс-акыйкатчы, 5-чакырылыштагы "Ар-намыс" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу төрөлгөн
Экс-акыйкатчы, 5-чакырылыштагы "Ар-намыс" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу Кара-Суу шаарында туулган. Орус тилиндеги №1 мектепти 1975-жылы аяктаган. 1977-1979-жылдары Совет аскеринде кызмат өтөгөн. 1984-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин, 1991-жылы Киев мамлекеттик университетинин философия факультетинин аспирантурасын бүтүргөн.
Жогорку Кеңештин I, II жана V чакырылыштарынын депутаты, Кыргыз Республикасынын тунгуч Акыйкатчысы (Омбудсмени ), Кыргызстандын Малайзиядагы экс-элчиси, 1995, 2000, 2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер.
1999-жылы энеси менен Мекке менен Мединага зыярат жасап Ажы-акбар болуп кайтып келген.
1998-жылы Кыргыз Республкасынын тунгуч Конституциясына кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган.
1998-жылы Президенттин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Атайын жана Толук ыйгарымдуу элчиси деген жогорку дипломатиялык ранг ыйгарылган.
Кыргыз, орус, украин, өзбек, англис, түрк жана фарси тилдеринде эркин сүйлөйт. 80ден ашык илимий жана илимий-публицистикалык эмгектердин автору.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан