1- Февраль 2013 -жылы
Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын чек арасындагы бир катар өткөрүү пункттары ачылган
Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын чек арасындагы бир катар өткөрүү пункттары ачылып, Кыргыздын “Кадамжай” жана Өзбекстандын “Вуадиль” өткөрүү пункттарында Баткен жана Фергана облустарынын жашоочулары эки тараптуу катташууга өтүшкөн. Ошондой эле Кыргыз жарандары үчүн Кадамжай районунун аймагындагы Пүлгөн-Көк-Талаа багыты боюнча тоскоолдуксуз унаа каттамы ачылган. Тараптар Баткен облусунун жашоочуларына Өзбекстандын Сох жана Шахимардан анклавдары аркылуу тоскоолдуксуз өтүүнү камсыз кылууга макулдашкан.