Бишкекте ИИМдин №702 ички аскер бөлүгүнөн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясын кайтарууга алган 39 жоокер качып кеткен. Ал жоокерлер 2013-жылдын жаз айларында аскердик кызматын өтөп бүтүшмөк. Ал эми 4-февралда ИИМдин Ички аскерлигинен качып кеткен 39 жоокердин 32си кайтып келген.