12- Февраль 2013 -жылы “Салам, Нью-Йорк!” тасмасынын бет ачар аземи болгон
Бишкек шаарындагы кинотеатрлардын биринде “Салам, Нью-Йорк!” тасмасынын бет ачар аземи болгон. Тасманын режиссёру Руслан Акун, ал эми продюсери Нурбек Айбашов. 
“Салам, Нью-Йорк!” тасмасы жарыкка чыккандан тартып коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынып, 2013-жылдын 5-сентябрында бул тасма Түштүк Кореяда өткөн Сеул эл аралык кинофестивалынын атайын сыйлыгына ээ болгон.
"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча “Салам, Нью-Йорк!” тасмасы "2013-жылдын супер тасмасы" деп табылган. Ал эми тасмадагы Баатырдын ролун жеткиликтүү аткарган Бектемир Мамаюсупов "2013-жылдын супер актёру", ал эми филмдеги Эриканын ролун аткарган Аида Тулебаева "2013-жылдын супер актрисасы" наамдарына ээ болушкан. Ошондой эле бул тасмага саундтрег катары жазылган ырчы Каныкей тарабынан аткарылган "Садагам" аттуу ыр "2013-жылдын супер саундтреги" деп аталган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан