Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өткөн сууда сүзүү боюнча эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары 11 алтын, 12 күмүш жана 2 коло медаль тагынышкан. Жеңишке жетишкен спортчулардын башында Султан Букеев, Станислав Карнаухов, Дарья Таланова болушкан.