3- Февраль 2013 -жылы
Бишкекте СССРдин Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган 37-эл аралык мелдеш соңуна чыккан
Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталган. 37-ирет өткөрүлүп жаткан салттуу мелдеште 6 өлкөдөн 200 мушкер 10 салмак категориясында намыс талашышкан. Жалпы медалдардын саны жана байгелүү орундарды эсепке алганда, Кыргыз мамлекети командалык эсепте биринчи орунду алган. Кыргызстандык Рахманкул Аватов (49 килограмм салмакта), Азат Усеналиев (52), Медер Мамакеев (56), Адилет Бекеев (60) жана Сергей Паренко (91) чемпион аталышса, 64 жана 69 килограмм салмактарда мөөрөйдү казак мушкерлери илип кетишкен. Ал эми өзбекстандык мушкерлер 75 жана 81 килограммда алтын медаль тагынышкан.