5- Август 1977 -жылы Бир туугандар Николай жана Феликс Калачян Армян ССРинин Мамлекеттик банкынан 1,5 миллион рубль уурдап кетишкен
Бир туугандар Николай жана Феликс Калачян Армян ССРинин Мамлекеттик банкынан 1,5 миллион рубль (ошол убактагы курс боюнча 2 миллион доллар) уурдап кетишкен. Алар 1 жылдан соң кармалып, өлүм жазасына тартылышкан. 
5-августта кечинде Николай Калачян банкка уланып салынган имараттын дубалын тешүүгө аракет кылган, бирок дубал өтө калың болгондуктан ойлогону ишке ашкан эмес. Имараттын чатырына чыгып банктын бир бөлмөсүндө оңдоо иштери жүрүп жаткан бөлмөнүн терезеси ачык экенин көрүп, чатырдан терезеге секирип кирген. Бөлмөнүн полун тешип банктан акча уурдап чыккан. Ага-ини Москвага келип, акчаны алмаштырууга шерик табышкан. 
1978-жылы июнь айында алардын шериги кармалып, Николай жана Феликс Калачян 7-июнда кармалышкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан