17- Март 1967 -жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч чакырылышынын депутаты, коомдук ишмер жана балбан Баяман Эркинбаев туулган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч чакырылышынын депутаты, көрүнүктүү коомдук ишмер, "Алыш" эл аралык күрөш федерациясынын негиздөөчүсү, "Палван" кайрымдуулук фондунун президенти, белгилүү спорт чебери Баяман Эркинбаев Сузак районунун Кара-Дарыя айылында туулган.Айылдык орто мектепте окуп жүргөн мезгилден тартып Фергана күрөшүнүн түрү боюнча Кырыз Республикасынын жана Орто Азиянын 15 жолку чемпиону, СССРдин спорт чебери, Эл аралык денгээлдеги машыктыруучу Ибрагим Узаковдун (Тапанча балбан) колунда машыгып, Кыргыз мамлекетинин, Фергана өрөөнүнүн чемпиондугун багындырган. Мектепти аяктагандан кийин Ташкент шаарында токой чарба институтуна тапшырып, 1991-жылы бүтүргөн. Спорттук карьерасын ошол жерде ийгиликтүү улантып, эл аралык мелдештерге катышып бир кыйла такшалып, акырында "Баяман-Палван" деген атка да ээ болгон. Эмгек жолун 1991-жылы "Жаңарык" тамеки ферменттөөчү ишканасында тамекичи болуп иштөө менен баштаган. 1992-жылдан тартып Ош шаарындагы "Палван" кайрымдуулук фондунун башкы директору, 1996-жылдан тартып Ош облустук "Күрөш" федерациясынын, кыргыз-германиялык "Юнион" биргелешкен ишканасынын президенти болуп эмгектенген.
Баяман Эркинбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1995, 2000, 2005-жылдардагы чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2004-жылдын 28инен 29-ноябрга караган түнү унаасында отурганда ага кол салуу болуп, ал иштин бети ачылбай, кылмышкердин ою ишке ашпай калган. Б.Эркинбаев бул атайын даярдалган саясий оюн деп билдирген. 2005-жылы 21-сентябрь күнү кечинде Баяман Эркинбаевди Фрунзе көчөсү менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнүн жанынан белгисиз адамдар атып кетишкен. Анын сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан