9- Август 1945 -жылы
Хиросимага атом бомбасы ташталгандан 3 күн өткөн соң америкалыктар Нагасаки шаарына экинчи атом бомбасын ташташкан
Нагасаки Экинчи дүйнөлүк согушта өндүрүш борбору болгон. Шаарда курал-жарактар, бомбалар, кемелер жасалчу. Хиросимага атом бомбасы ташталгандан 3 күн өткөн соң америкалыктар "Семиз" аталган бомбаны Нагасаки шаарына таштап, анын натыйжасында 74 миң адам өлгөн. Америкалыктардын негизги бутасы Кокура шаары, ал эми запастагы планы боюнча Нагасаки болгон. 9-августта саат 8:50дө (жергиликтүү убакыт) Кокура шаарына учуп барган учак шаардын үстүндөгү булуттардын айынан бомбаны таштай алган эмес. Саат 10:32де учак Нагасакини көздөй бет алган. 10:53тө учак радарга көрүнгөн, бирок япониялыктар аны чалгындоочу учак катары кабыл алып, аба тревогасын беришкен эмес. Саат 11:02де учак Бомба 11:02де 500 метр бийиктикте жарылган. Жардыруунун күчү Хиросимадагы жардыруудан күчтүү болсо да, залалы азыраак болгон.