13- Февраль 2013 -жылы
"Ата Мекен" партиясынын жактоочулары митинг өткөрүшкөн
"Ата Мекен" партиясынын жактоочулары митинг өткөрүшкөн. Митингде партиянын лидерине жана депутаттарына коюлган каралоону токтотуу, тарыхты бурмалабай калтыруу талап кылынган. Бул аралыкта Жогорку Кеңеште 2010-жылы Апрель окуясында Бакиевдерге тиешелүү мүлктөрдү талап-тоноого "Ата Мекендин" депутаттары Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Райкан Төлөгөнов менен Туратбек Мадылбековдун тиешеси бар же жок экени боюнча маселе каралып жаткан.